Нобель сыйлыгынын лауреаты 10 жылга эркинен ажыратылды

Автор

Беларуссияда сот “Весна” укук коргоо борборунун иши боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды.  Анын ичинде 2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Александр Бяляцкий жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылды.

Беляцкий 10 жылга эркинен ажыратылды.  Иштеги башка айыпталуучулардан Валентин Стефанович тогуз жылга, Владимир Лабкович жети жылга, Дмитрий Соловьев сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Укук коргоочулар Беларустагы нааразылык акциясынын катышуучуларына салынган айып пулдун төлөнүшүнө байланыштуу коомдук тартипти одоно бузган топтун акцияларын каржылаган үчүн айыпталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Илон Маск учуулардын саны боюнча лидер болду

Америкалык ишкер , Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск 2022-жылы жеке учакта 171 каттам жасап, бул көрсөткүч боюнча башка миллиардерлерди басып өткөнүн “Bloomberg”  эсептеп чыкты. Жалпысынан миллиардер былтыр 600 миң  чакырымдан ашык жол баскан. Рейтингдин экинчи сабын жылына 115 жолу каттаган ишкер Марк Цукерберг жазылды.  Үчүнчү […]

Сизге жагышы мүмкүн