“Кумтөр” ишканасынын былтыркы кирешеси 849 млн долларды түздү

Автор

2023-жылдагы ишмердүүлүгүнө таянып, Кумтөр Голд Компани» былтыркы кирешесин 849 млн долларды түздү деп билдирди. Тактап айтканда, 13 тонна 577 кг алтын өндүрүлгөн.
Ал эми ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси 302,4 млн доллар. Өлкө казынасына салык жана башка төлөмдөр үчүн 17 млрд 241 млн 71 миң сом төгүлдү. Капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186,1 млн доллар болсо, 2023-жылы 111,5 млн долларды түзгөн. Ишкана
капиталдык салымдардын эсебинен Кумтөр кениндеги Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен, кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулганын, муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлгөнүн билдирди.
Былтыр 93 даана ар түрдүү техникалар сатылып алынса,
«Ысык-Көл өнүктүрүү» фондуна 8 млн 389 миң доллар, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча «Теңир-Тоо» фондуна 5 млн 33 миң доллар, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 млн 597 миң доллар, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн 542 миң доллар которулуп берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

27-февралга карата аба ырайы

Эртең, 27-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2, Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн