Алматыда өрттөнгөн үйдү куруучулары калыбына келтирүүгө убада берди

Автор

Алматыда Аккент кичи районундагы өрт чыккан турак жай комплексин куруучулар үйдү калыбына келтирүү иштерин өз эсебинен жүргүзүүгө убада берди.

«Биз үйдү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды өз мойнубузга алууга даярбыз», – деди курулуш компаниясынын башкы директору Канат Ералиев турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугушууда. Ошондой эле курулушчу маркум Асел Бекмухаметованын үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилерин кошумчалады.

Көп батирлүү турак-жай 2017-жылы пайдаланууга берилген. Маалым болгондой, имаратта 2015-жылы чыгарылган Mitsubishi маркасындагы лифттер орнотулган. Лифттер акыркы жолу ушул жылдын 27-июлунда техникалык кароодон өткөн.

Аккент кичи районундагы өрт 1-август күнү кечинде башталган. 1-кабаттан 16-кабатка чейин электр кабелдери күйгөн. 300 адам эвакуацияланган. Жардам күткөн тургундардын көбү балдары менен терезеден секирип кетишкен. Өрттүн кесепетинен 43 адам жабыркап, бир аял жаракаттардан улам көз жумган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп карталарын кайдан алууга болот?

Бишкек мэриясынан коомдук транспортто жүрүүгө мектеп карталарын (жашыл түстөгү “Тулпар” картасы) кайдан алууга болорун айтып беришти. Муниципалитеттен белгилешкендей, окуучулар үчүн транспорт картасын алуу үчүн үйдөн чыкпай онлайн арыз калтырууга болот. Арызды калтыруу үчүн сайтка кирүү керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтегидей болушу керек) жана […]

Сизге жагышы мүмкүн