Зеленский: Куралдуу күчтөр Россиянын чабуулуна даяр эмес

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский CBS телеканалына берген маегинде алардын аскерлери кыш айларында Россиянын каршы чабуулун токтото алганын айтты. “Биз кырдаалды турукташтырдык. Мындан эки-үч ай мурда артиллериялык ок-дарылар жана курал-жарактардын ар кандай түрлөрү тартыш болуп турган”,-деди ал. Ошол эле учурда украин лидери белгилегендей, Украинанын Куралдуу күчтөрү жакында майдын же июнь айынын аягында күтүлүп жаткан Россиянын дагы бир ири каршы чабуулуна даяр эмес. Зеленский февралда Украина быйыл коргонууну гана эмес, чабуул жасоону да пландап жатканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Катуу шамалда 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган

Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар. Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн