Франциянын президенти Казакстанга келди

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрон расмий сапар менен Казакстанга келди.
Борбор калаанын аэропортунда Франциянын башчысын Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада кесиптеши менен учурашып, жолугушууга келген өкмөт мүчөлөрү менен тааныштырды.
Франциянын президентин расмий тосуп алуу аземи болду. Меймандар үчүн республиканын мамлекеттик желегинин түсүндөгү көк килем даярдалды. Президенттик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан соң эки өлкөнүн башчылары республиканын мамлекеттик желегин көздөй басышты.
Франция лидеринин Казакстанга сапары бир күнгө созулат. Андан кийин Өзбекстанга барат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мушкер кыз Айжамал Адылбекова Азия чемпионатында коло утту

Кыргызстандык мушкер кыз Айжамал Адылбекова Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу кыз мелдешке 63 кг салмакта катышкан. 1/4 финалдагы биринчи беттешинде тажикстандык мушкер кызды утуп, жарым финалга чыккан. Жарым финалда […]

Сизге жагышы мүмкүн