Россия менен Франциянын коргоо министрлери сүйлөштү

Автор

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну телефон аркылуу сүйлөштү. Анда француз министри Москванын жанындагы Крокус Сити Холлдогу терактты айыптады. Шойгу террордук чабуулду уюштурууда “украин изи” тууралуу маалымат бар экенин жарыялады.
Франциянын коргоо министри Украинаны жана батыш өлкөлөрүн терактка тиешеси жок деп ынандырууга аракет кылды.
Сергей Шойгу Крокус Сити Холлдогу теракт боюнча тергөө аягына чыгарын баса белгиледи. «Киев режими батыштык кураторлордун уруксатысыз эч нерсе кылбайт. Бул учурда француз чалгын кызматтары мунун артында турбайт деп үмүттөнөбүз»,-деди ал.
Сергей Шойгу менен Себастьян Лекорну Украинадагы салгылашууларды талкуулап, диалогго даяр экенин белгилешти. Елисей сарайынын француз контингентин Украинага жөнөтүү тууралуу билдирүүсүнө токтолуп, Сергей Шойгу мындай чечим Франция үчүн көйгөйлөрдү жаратаарын кошумчалады.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр француз тараптын өтүнүчү менен өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет

Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында бул үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлгөн. Учурда мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштады. “Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө алса, […]

Сизге жагышы мүмкүн