Катуу шамалда 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган

Автор

Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.
Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.
Белгилей кетсек, комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Катуу шамалдын кесепетинен 154 объект жабыркады

Кечээ өлкө аймагында катуу шамал болуп, материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, […]

Сизге жагышы мүмкүн