ЖРТга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүрүүдө

Автор

Бүгүн, 22-майда Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоого жетишпей калган жарандар үчүн кошумча каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле бүгүн тестирлөөнүн экинчи этабы үчүн тест борборлору даярдалууда.

Белгилей кетсек, тестирлөөнүн биринчи этабы 2023-жылдын 20-21-май күндөрү болуп өттү. Ал эми 23-24-май күндөрү тестирлөөнүн экинчи этабы өтөт.

Үчүнчү этап 2023-жылдын 23-24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Эки бутунан ажыраган жоокер Эверестти багындырууну чечти

Афганистанда бутунан ажыраган британ армиясынын мурдагы жоокери дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестти багындырууну чечти. 2010-жылы Афганистанда кызмат өтөп жүргөндө 43 жаштагы Гари Будха Магар колго жасалган жардыргыч затты басып, эки бутунан ажырап калган. Ал өзүнүн алдына 8849 метр бийиктиктеги Эверестке чыгууну максат кылган. Магар бул процесстин биринчи этабын аяктап, эс […]

Сизге жагышы мүмкүн