“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

Автор

“Айчүрөк” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, КР жараны Ж.З.О. кармалды.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет. Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын 11-ноябрында “ЦУМ” соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоордун негиздемесинде, кыйынчылыкка кабылган жарандарды көзү ачыктар алдап, «көйгөйүн чечип берем» деп ишендирип, көз боемочулук кылышат делген. Ушундан улам депутат көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салынышын көздөп  […]

Сизге жагышы мүмкүн