Жолон Мамытов : “Сагынычты минип алып зымырап, сага жөнөйт жүрөктөгү махабат”

Автор

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙЛӨШӨЛҮ

Оозумдан ышкырык чыгат үшкүрүк,

көөдөнүмдөн жалын куюлат.

Жан курбулар, өткөн күнүбүз,

баарысынан кымбат туюлат.

Биз мезгилди шылдың кылабыз,

ден соолуктуу жашыл куракта.

Кош дешээрбиз чогуу боло албай,

ар кай жерде, ар кай куракта.

Бул дүйнөгө келген нерсени

кетпес кылып жасап койсочу.

Белгисиз бир күндүн колунда

кылыч турат бизди мойсочу.

Мезгил мынча ылдам учат деп,

карыялар ойлуу сүйлөшөт.

Билем, андай токтоо болууга,

бизди дагы турмуш үйрөтөт.

Жаштыктагы жалын күндөрүн,

карыялар тез-тез эскерет.

Жамандыгы ичке катылып

эт жүрөгүн тилет кескилеп…

Кармаштарда кандар төгүлгөн.

бул күн бизге оңой келбеген.

Алп жүрөктөр октон быркырап,

аралашып калган жер менен.

Келе электе биз бул жарыкка

мойнубузга милдет тагылган.

Бийиктерге алып чыксын деп

биздин жаштык – учкул чагылган.

Биз урунган жеңил буюмдар

кыйынчылык менен жаралган.

Үмүт ишке ашып жатпайбы

үлгүлөрү калып алардан.

Сактангыла, азиз курбулар,

көңүл чөгүү деген илдеттен.

Колубузда журттун тагдыры,

алдыбызда улуу милдеттер.

Каалабаган колун көтөрсүн.

Бирөө, экөө… мында калчулар.

Бөлөгүбүз Мекен буюрса

өлүмгө да ырдап барчулар!

 

***

Ой-дүйнөдө кезип жүрүп бүтпөгөн

он уктасам он түрлөнтүп түш көрөм.

Аркыратып Айды, Күндү асманда

сүйлөшкөнсүйм алып жүргөн күч менен.

Чексиздикке өз бийлигин тараткан

ченейм күчтү, баш айланып санактан.

Тартылуунун мыйзамына таңданам

дөңгөлөтүп Жерди сүйрөп бараткан.

Жиреп жүрүп кышты, жазды, күздү мен,

жыйнап келем кызыл-жашыл түстү мен.

Кээде чыксам салтанаттуу тойлордон,

кээде чыгам өкүрүктүн үстүнөн.

Жүрөгүмдү тынч албаган, жатпаган

тиреп алып ишенимге батпаган,

жердин тартуу күчүн жеңип кетчүүдөй

кээде туруп куюндатып ат чабам.

Ден соолугу ташып турган жайда мен

турагында так түйүлгөн кайберен.

Күн отуна чылымымды тамызып

тоодо жатам кучакташып Ай менен.

 

ТООЛОР

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.

Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар.

Убакыт үстүңөрдөн жүрүп барат,

күн кайнап мөңгүңөрдү сүрүп барат.

Дайралар чарчоо несин сезишпеген

байкатпай түбүңөрдү үңүп барат.

Аз-аздап аралары таарып кетээр,

көмүскө көбүгүнө салып кетээр –

мезгил – бул, дүлөй бүткөн кудурет бейм,

мухитке ташый берип алып кетээр.

Антсе да теңдешээри жоктойсуңар,

жаңырып кыйкырыкта коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар..

 

Туулган жерге

(Төлөйкөн айылы)

Токочуңду кармап жүрүп колума,

Жер каптаган жемишиңден жегенде.

Анын баары кубат болуп боюма,

Үмүт болуп туруп калган денемде.

Менин сага бүт өмүрүм байланып,

Төрөлгөндөн бешигиңде көшүлгөм.

Ойноп жүрүп ой-кырыңды айланып,

Мен өзүмдү жыйнап жүрөм өзүңдөн.

Эгер кетсем алыс сапар жер кезип,

Эңсеп кайра сагынганым себеби:

Өзүмдү мен кичинекей Сен сезип,

Сени даңктап ырдай берем мен эми…

 

ТУРМУШ КҮҮСҮ

Саздар кирет кур баканын түшүнө

орун алган ортосунан чөлдөрдүн.

Көк бакага куу адырлар элестейт,

байырлаган жээктерин көлдөрдүн.

Кайкып учат түздүктөрдүн бүркүтү,

ченесем деп тоолор менен канатын.

Тоо барчыны аскаларга урунат,

эңсеп учуп үмүттөгү талаасын.

Нагыз чындык жүрөгүнө элдердин,

байкалбастан калп өңдөнүп барсам дейт.

А калп болсо өз тагдырын жактырбай

көз ирмемге чындык болуп калсам дейт.

Ааламдагы алдууларга баш ийбей

өз жолунда өткөөлдөрдү тазалап,

Сагынычты минип алып зымырап,

сага жөнөйт жүрөктөгү махабат.

ЖОЛОН МАМЫТОВ (“ОТТУ СҮЙӨМ” – аттуу ыр жыйнагынан)

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочулардын эсине! Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери  17-ноябрга чейинки аралыкты жүргүзүлмөкчү. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат. Мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль […]

Сизге жагышы мүмкүн