Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Автор

Бүгүн, 2-июнда жана эртең Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, бул Европа Биримдиги-Борбор Азия саммитин өткөрүү менен байланыштуу.

Аталган мекеме иш-чара мамлекеттик мааниге ээ экенин белгилеп, жарандарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Еврокеңештин башчысы катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент сахнада кулады

Кечээ, 1-июнда АКШнын президенти Жо Байден Колорадо штатында Аскер-аба күчтөрү академиясынын курсанттарынын бүтүрүү аземинде сахнага жыгылды. Байден бир нерсеге чалынып, сахнага кулап түшкөн. Президенттин сакчылары ага дароо жардамга шашылышты. Кийинчерээк Ак үйдүн коомчулук менен байланыш боюнча жетекчиси Бен Лаболт америкалыктарды президенттин абалы жакшы деп ишендирди. “Анын абалы жакшы. Сахнада бир […]

Сизге жагышы мүмкүн