Айдоочулардын эсине! Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Автор

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери  17-ноябрга чейинки аралыкты жүргүзүлмөкчү. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчу Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан мелдеште кыргызстандык спортчу  71 кг чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээледи. Эске салсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн