Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Автор

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо (онлайн түрүндө) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрү 29-февралдан 4-апрелге чейин сынакка жазыла алышат.
Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт
Белгилей кетсек, ЖРТ эки этапта — күзүндө жана жазында жүргүзүлөт. Ал ЖОЖдорго өтүү үчүн негизги сынак болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Акылбек Жапаров Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 29-февралда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди. Өкмөт башчысынын иш сапары 2-мартка чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч […]

Сизге жагышы мүмкүн