Өлкө аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди. Тизме

Автор

Кыргызстандын аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген:
– Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы;
– Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол жабык;
– Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 45-чакырымынан тартып, 60-чакырымына чейин жол жабык;
– Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымынын тартып 76-чакырымына чейинки аралыгы.
ЖКККББ айдоочулардан жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары текшерилет

Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарын текшерүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнү белгилүү болду. Алар эки айдын ичинде өлкөдөгү менчик клиникалардын ишине көзөмөл жүргүзүп, жыйынтыгына жараша Президенттин администрациясына алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын беришет. Кыргызстанда менчик делген 3000ге жакын клиника бар. Былтыр саламаттык сактоо министрлиги аларды […]

Сизге жагышы мүмкүн