Бүгүн Акылбек Жапаров Кытайга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 29-февралда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Өкмөт башчысынын иш сапары 2-мартка чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчыларынын “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампага барат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Асман» шаарынын курулушу качан башталары белгилүү болду

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Вечерний Бишкек» басылмасынын суроолоруна жооп берип, «Асман» шаарынын курулушу быйыл май айында башталарын айтты. «Документ иштерине байланыштуу суроолор тынымсыз жүрдү. Инвесторлор тарабынан техника-экономикалык негиздемени кайра иштеп чыгуу боюнча сунуштар болгон, андыктан азыр бул багытта иш жүрүп жатат, акыркы баскычта. «Асман» шаарынын курулушу май айында […]

Сизге жагышы мүмкүн