Жапаров: “Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”

Автор

Президент Садыр Жапаров  бүгүн, 13-майда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында “Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”, – деп белгиледи.

Президент өз сөзүндө өлкөнүн улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз деди.

“Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз. Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз.

Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”, – деди ал.

Садыр Жапаров тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүп жаткандыгын эске салды. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда.

“Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.

 

Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Киевде, Харьковдо, Тернопольдо жана Кривой Рогдо жардыруулар болду

Украинанын бардык аймактарында түнкүсүн аба чабуулу боюнча эскертүү жарыяланды. Көптөгөн шаарларда жана райондордо жарылуулар болду. Украинанын маалымат каражаттары Киев, Харьков, Тернополь, Кривой Рог, Днепр, Кировоград, Харьков жана Днепропетровск облустарындагы жардыруулар тууралуу жазып чыгышты. Айрым шаарларда, анын ичинде Киевде абадан коргонуу системалары иштеп жатканын жергиликтүү бийлик билдирди. Харьковдо мэр Игорь Терехов […]

Сизге жагышы мүмкүн