Каржы пирамидасын жарнамалагандар эркинен ажыратылат

Автор

Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын уюштургандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.

“Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки айып пул салуу жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чаралары колдонулат”, – деп айтылат маалыматта.

 

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов демилгелеген. Документ “Каржы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

«Түндүк электрдин» мурдагы жетекчиси кармалды

Бишкекте “Түндүк электр” ААКнын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.   Маалым болгондой, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Северэлектро” ААКнун кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, […]

Сизге жагышы мүмкүн