Бишкек жана Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” футбол академиясы ачылат

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишеке жана  Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол клубунун 29-академиясынын ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Аталган академия жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка франшизалар JalGroup Asia компаниясына таандык.

Академиянын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга “Барселона” ФКнын легендарлуу оюнчулары келет. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар. Алар 30-август күнү Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрөт. Башталышы саат 20:00.

Бөлүшүү:
Next Post

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Акыркы күндөрү  Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Алардын бирден бир себеби айдоочулар жол эрежелерин […]

Сизге жагышы мүмкүн