Футбол: “ПСЖ” клубунун  машыктыруучусу расисттик иш боюнча камакка алынды

Автор

Француздардын “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун  башкы машыктыруучусу Кристоф Галтиер расизм үчүн полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

56 жаштагы франциялык адис 30-июнда кечинде Ниццада кармалган. Аны менен бирге анын агенти болгон 34 жаштагы асырап алган уулу Жон Валович-Галтиер да камакка алынган. Бул адамдар “расалык же диний негизде басмырлоо” деген шектенүү менен полицияга көрсөтмө беришкен.

Футбол боюнча машыктыруучу 24 саатка чейин камакка алынган, андан кийин ага расмий айып тагылышы мүмкүн.

Эске салсак, Галтиер 2021/22 сезонунда Ниццада жүргөндө расизмге шектелүүдө. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында француз басма сөзүндө Ницца шаарынын спорттук директору Жюльен Фурнье машыктыруучуну расисттик сөздөр үчүн айыптаган макала жарыяланган. Болжолдуу түрдө, бир жеке сүйлөшүүдө Галтиер командада “мынчалык көп каралар жана мусулмандар болушу мүмкүн эмес” деп айткан.

Материал жарыялангандан кийин Галтиерге өлүм коркунучу түшүп, анын үй-бүлөсү күзөткө алынган. Француз адиси макаланын авторлоруна карата жалган жалаа үчүн сотко кайрылган. Маалым болгондой, Галтиердин расисттик билдирүүлөрү боюнча айыптоолору тастыкталса, ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Гальтиер 2022-жылдын июлунда ПСЖга келип, эки жылдык келишимге кол койгон. Анын жетекчилиги астында Париж клубу Франциянын чемпиону болуп, Суперкубокту жеңип алган. Буга чейин Галтиер ПСЖдан кетирилгени кабарланган, бирок кызматтан кеткени расмий түрдө айтыла элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Францияда тополоң токтобой жатат: 875 киши кармалды

Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза болгон тополоңго байланыштуу 875 адам кармалды. Ички иштер министрлигинин  билдиргенине караганда  учурда  өлкөдө 45 миң полиция кызматкери, жандарм  жана өрт өчүргүчтөр  коопсуздукту камсыз кылууда. Тополоң өлкөнүн бир катар шаарларында имараттар менен коомдук транспорттордун өрттөлүшүнө, дүкөндөрдүн уурдалышына жана көздөн жаш агызуучу газдын колдонулушуна алып […]

Сизге жагышы мүмкүн