Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт

Автор

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы күндөрү  Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Алардын бирден бир себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда, — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан, эртеңки дем алыш күндөрү да ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча каттап жаткан айдоочулардын коопсуздугун күчөтүп, кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия жаштар форуму уланууда

Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” комплексинде Борбор Азия жаштар форумунун экинчи күнү башталды. Иш-чара кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Форумдун башталышында Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды. Форумдун ишине […]

Сизге жагышы мүмкүн