Евробиримдик Навальныйдын өлүмүн эл аралык иликтөөгө чакырды

Автор

Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелль оппозиция лидери Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
“Россия Навальныйдын күтүүсүз өлүмүнүн жагдайларын көз карандысыз жана ачык-айкын эл аралык иликтөөгө уруксат бериши керек”-деди Боррель.
Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы адам укуктарынын бузулушу менен байланышы бар адамдарды камтыган колдонуудагы санкциялык режимдин атын өзгөртүүнү, аны Алексей Навальныйдын атынан атоону сунуштады. Россиянын пенитенциардык тутумунун өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизүүнү четке какпаганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөө 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен. Ошондой эле 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн