Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Автор

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.
Ошондой эле 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болгон. Ал эми Кыргызстандын калктуу кошунтары — Кара-Тейит Карамык айылдарынан түштүк-батышка карай 34-35 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылдарда жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар бул аптада 3 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар февраль айында 3 күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөндөй, 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү. Майрам жума күнгө туш келет. Натыйжада кыргызстандыктар 23-февраль жума, 24-февраль ишемби жана 25-февраль жекшемби — 3 күн катары менен эс алышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн