Президент сахнада кулады

Автор

Кечээ, 1-июнда АКШнын президенти Жо Байден Колорадо штатында Аскер-аба күчтөрү академиясынын курсанттарынын бүтүрүү аземинде сахнага жыгылды.
Байден бир нерсеге чалынып, сахнага кулап түшкөн. Президенттин сакчылары ага дароо жардамга шашылышты.
Кийинчерээк Ак үйдүн коомчулук менен байланыш боюнча жетекчиси Бен Лаболт америкалыктарды президенттин абалы жакшы деп ишендирди.
“Анын абалы жакшы. Сахнада бир куту кум бар экен”,-деп жазган Лаболт.
Байден быйыл 81 жашка чыкты. Ал Америка Кошмо Штаттарынын эң кары президенти катары тарыхта калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда тез төлөм системасы пайда болот

Кыргызстанда тез төлөм системасы пайда болот. Аны уюштуруунун жана ишинин схемасы 2023-жылдын 24-майында жөнгө салуучу тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү концепциясында камтылган. Документке ылайык, Кыргызстанда тез төлөм системасы келерки жылдын күзүндө ишке киргизилет. Ыкчам төлөм системасынын жардамы менен кыргызстандыктар акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта […]

Сизге жагышы мүмкүн