Президент көп аял алуу жана жүзүн жабуу боюнча жазаны жактырды

Автор

Өзбекстанда көп аял алууну үгүттөө,  коомго жүзүн  жаап  чыгуу жана башка бир катар аракеттерди жасагандар жазага тартылат.  Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-октябрда кол койду.
Эки же андан ашык аялдар менен чогуу жашоого көмөктөшкөн, тиешелүү көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды тараткандар  330 миң сум (27 доллар) айып салынат же 15 суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алуу каралды.
Ушундай эле айып мыйзамда белгиленгендей никеси катталбаган адамдардын, анын ичинде нике курагына жете элек адамдардын ортосунда диний нике кыйгандарга тиешелүү.
Сенаторлор  тыюуну жалгыз бой энелердин жана никесиз төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү менен түшүндүрүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон Токаевдин Москва тараптан баш тартканын мактады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин санкция маселеси боюнча “Москва тарапта болуудан” баш тартуусун жактырды. Бул тууралуу ал Токаев менен жолугушууда билдирди. “Биз маанилүү эл аралык маселелер боюнча өнүгүүгө жетише алабыз. БУУнун Уставына жана аймактык бүтүндүк жана улуттук эгемендүүлүк сыяктуу принциптерге берилгендигибизди баса белгилей алабыз”,-деди Макрон. Мамлекет башчыларынын […]

Сизге жагышы мүмкүн