Александр Лукашенко Армениянын ЖККУдан чыгуусу боюнча үн катты

Автор

Армениянын премьер – министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишиминен (ЖККУ) чыгуу боюнча пикирин билдиргендиги жана Казан шаарындагы жолугушууда бул маселе талкууланганы белгилүү болду.
Бул боюнча Белорусиянын президенти Александр Лукашенко : “Биз муну жөпжөнөкөй окуя катары кабыл алдык. Президенттер Татарстандагы жолугушууда бул маселени талкуулаганбыз. Мындан эч ким акылынан айнып кетпейт. Биз ЖККУдан эч кимди куубайбыз, аларды дайыма колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Азырынча, Армениянын мүчөлүктөн чыгуу боюнча расмий катын ала элекпиз. Билесиңерби, Армениянын мамлекеттик башкаруусу Белорусияныкындай эмес. Ал жерде Пашинян өзү чечалбайт, парламенти чечет. Мен ойлойм, ал жерде туура ойлонгон депутаттар көпчүлүктү түзөт деп. Кандай болгон күндө да, эч ким ЖККУга таарынбашы керек. Азербайжан биз үчүн жат өлкө эмес. ЖККУда мусулман өлкөлөрү аздык кылбайт”, -деп айтты

Азербайжан менен болгон согушунда бирге согушуубузду ойлодубу? Анда азыркыга чейин миңдеген адамдар көз жуммак. Кандай болгон күндө да, Азербайжан менен Армения соңунда туура жыйынтыкка келишти. Кезинде Армения Азербайжандын 5-6 районун басып алган. Илхам Алиев маселени тынчтык жолу менен чечүүнү көп суранды, көп жыл күттү. Бирок, армениянын бир дагы президенти бул сунушту колдобой, укмаксан болуп келишти. Качан болсо да, бул көйгөй чечилиши, армения басып алган райондорду азербайжанга өткөрүп бериши керек эле. Мен ортомчулук кызматты аркалап, көп жолу Бакуга жана Ереванга баргамын. Азербайжан райондорун кайтарып алгандан кийин эч кандай доо койбогонго жана Армения үчүн инвестициялык климат түзөөрүн кыйыр түрдө да билдирип келген. Билесиңер, Азербайжан абдан бай өлкө. Алар проблеманы согушу жок, жакшылык жол менен бүтүрүүгө аябай талпынышты. Бирок, биз жыйындарда канча козгоп, армениянын жетекчилеринен өтүнсөк да, алар “жок, биз керек болсо, согушабыз”,- деп келишти. Мына жыйынтыгы. Армения бизге өтө жакын да, Азербайжан алыс беле? Андыктан, таарынуунун кажети жок, ким таарынса, аны суу агызып кетет деген сөз бар”,- деди Александр Лукашенко.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарын менен Ысык-Көлдө суу сактагычтар курулат

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорун алкагында Тоң районунун Үч-Коргон, Кочкор районунун Шамшы жана Жумгал районунун Түгѳл-Сай аттуу аймагында үч суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Ошондой эле, министрлик Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына […]

Сизге жагышы мүмкүн