Индия Күнгө кеме учурганы калды

Автор

Индия Айдын түштүк уюлуна аппаратын ийгиликтүү кондургандан кийин, Күнгө түзүм жиберүүгө  даярданууда.
Эгер баары пландалгандай болсо, космостук аппарат 2-сентябрда ишемби күнү саат 6:20да  Индиянын түштүк-чыгышындагы Ченнай шаарынан 100 чакырым түндүктө жайгашкан Шрихарикота аралындагы башкы космодромдон учурулат.
Индиянын Космос агенттиги жарыялаган сүрөттөр ракета менен кеменин учуруу аянтчасында толугу менен  даяр экени көрүнүп турат.
Кеме Күндүн бетине конбойт. Бара турган жери Жерден 1,5 миллион километр алыстыкта.  Бул Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан дээрлик төрт эсе көп, бирок Жерден 151 миллион километр алыстыкта ​​турган Күндүн өзүнө чейинки аралыктын жүздөн бир бөлүгү гана.
Бул Күндү изилдөө боюнча биринчи миссия эмес – НАСА жана Европалык Космос агенттиги  мурда бул максат үчүн орбиталык аппараттарды жайгаштырышкан.
“Адитя” – санскрит жана хинди тилдеринде Күн Кудайынын аты.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык  спортчуларга Азия оюндарына катышууга тыюу салынды

Азия оюндарында орусиялык жана беларусиялык спортчуларга катышууга тыюу салынды. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алгандыгын чет элдик спорт басылмалары жазууда. “Орусиялык же беларусиялык спортчулар жок. Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими”, – деп жазат  Азиянын Олимпиадалык кеңешинин өкүлү. Буга чейин Азия Олимпиадалык кеңеши  Орусия менен Беларустун өкүлдөрүн Азия […]

Сизге жагышы мүмкүн