20-февраль: Кар жаайт

Автор

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 20-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15.
Бишкекте кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -10…-12°, күндүз -3…-5° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Ким Чен Ынга унаа белек кылды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россиянын президенти Владимир Путинден Россияда жасалган автоунаа белекке алды. «КЭДРдин мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ынга Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан Россияда чыгарылган жеке автоунаа белекке берилди»,-деп билдирет Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги. 18-февралда орус тараптан белекти КЭДР Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин катчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн