Ак сарайдын дарбазасын машина сүздү

Автор

АКШ президентинин Вашингтондогу резиденциясына жакын жерде унаа айдап бараткан белгисиз адам кырсыкка учурады.
Окуя 9-январга караган түнү болгон. Автоунаа Ак үйдүн тосмосун сүзүп кеткенин АКШнын жашыруун кызматынын өкүлү Энтони Гуглиелми социалдык медиада билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери айдоочуну кармашкан. Унаадан конверт табылган. Ал атайын кызматтар тарабынан текшерилип жатат. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Америкалык лидер Жо Байден ал учурда резиденцияда болгон эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлдү

Сауд Араб Падышачылыгы 2024-жылы Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары, доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2023-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. “Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн