Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуш боюнча кооптонуусун билдирди

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышы мүмкүн деген кооптонуу негизсиз эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал улуттук коопсуздук системасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилигинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аскердик күч кайрадан дүйнөлүк маселелерди чечүүдөгү негизги аргументине айланды.
«Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарда миллиондогон жоготуулар жана үрөй учурган окуялар болбогондой. Азыр түзмө-түз үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын ала эскертүүсү делген маалыматтар тарап жатат. Кооптонууга себептер бар”,-деди Лукашенко.

Бөлүшүү:
Next Post

Сыймык Жапыкеев кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө

Жоюлуп кеткен Финансылык полиция кызматынын акыркы төрагасы Сыймык Жапыкеев ден соолугуна байланыштуу саясаттан четтеп, кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө. Өзү маалымдагандай, кант диабет оорусу 16га көтөрүлүп, ден соолугу начарлап кеткен. “Достор, мен устачылыкка берилдим. Эрмегим ушул кол өнөрчүлүк, нервимди эс алдырат. Догдур эжелерим урушуп, диетага отурдум”,- деп жазган социалдык тармактагы баракчасына. […]

Сизге жагышы мүмкүн