Депутаттын демилгеси арабөк калды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев демилге көтөрүп, мурдагы бийликтин ат кошчулары делген Икрамжан Илмиянов менен Алманбет Салиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кайрадан териштирүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган. Депутат аталган чиновниктер сотторго түзмө – түз көрсөтмө берип, өздөрү каалаган чечимдерди чыгартып турганын билдирген эле. Бирок, эл өкүлүнүн бийик трибунада айтканы унутта калгансыды. Ал эми Илмиянов менен Салиев шапар тээп жүргөнү, бизнестерин гүлдөтүп жатканы эл арасында аңыз кеп катары айтылып келет. Мындан улам эсирген эки эргулду кылмыш жоопкерчилигине тартуу мезгилин коомчулук күтүп жатканы жашыруун эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

"Кыргыз кеп" каналына кош келиңиз

“Кыргыз кеп” каналы ачылды. Бул жерден кыргыз дүйнөсү, улуттук баалуулуктар боюнча уникалдуу материалдарды окуп турасыз. Адабият, маданият, музыка, салт, кызыктуу инсандар тууралуу фактыларды, өмүр баяндарын, кыпкыргызча тесттерди, кыргыз жергеси боюнча маалыматтарды да табасыз. Аудио китеп да бар. Канал коомчулуктун бардык катмарына ылайыкталган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн