Депутаттар  желектеги күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушташты

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташкентте катуу жарылуудан 163 адам жаракат алды

Өзбекстандын борбору Ташкентте катуу жардыруу болду. Анда бир адам көз жумду, дагы 163 адам жаракат алганын Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Өзгөчө кырдаал 28-сентябрда саат 02:43тө Куруучулар аймагындагы Inter Logistics” компаниясынын кампасында болгон. Ал жерге 16 өрт-куткаруу тобу жөнөтүлдү. Өрттү өчүрүүгө дээрлик үч саат убакыт кетти. Жарылуу үнү көп чакырымга […]

Сизге жагышы мүмкүн