Атазовдун маанилүү маселеси кийинкиге калды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөгү жол кыймылындагы кырсыктар боюнча маселени  бүгүн, 18-октябрдагы парламенттин  жалпы жыйынына алып чыкты.

Ал башкы МАИни чакырып, ушул багытта суроо-жооп уюштурууну жана кырсыктын алдын алуу чараларын талкулоону сунуштады. “Карап көрсөк, кырсыктардан улам 3-4 адам бир эле мезгилде көз жумуп жатат, бул элибиз үчүн чоң жоготуу. Мунун алдын алыш керек”,- деди депутат.

Сунушту төрага Нурлан Шакиев колдоп, “Туура айтасыз, бул маанилүү көйгөй. Кийинки жумага ички иштер министрлигинин тийиштүү жетекчилерин чакырып, жалпылап талкуулайлы, макул болсоңуз”,- деп жооп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кат жазгыла, биз капага батканда

Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жазганын айтып, аны жөнөтүү үчүн министрлер кабинетинен жардам сурады.  Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгункү жалпы жыйынында айтты. Түлөбаев “Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаев деген жигит эч себепсиз Казакстандын түрмөсүндө жатат. Ушул боюнча кат жаздым эле, жөнөтүү жагын аппарат […]

Сизге жагышы мүмкүн