Депутат паранжа кийүүгө тыюу салуунун сунуштады

Автор

Кыргызстанда да бетти жапкан кийим кийүүгө тыюу салыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрдагы  парламенттин жалпы  отурумунда Шарапаткан Мажитова билдирди.

«Өзбекстанда мыйзам кирди. Ошол бизге да керек. Жоолук салынсын, бирок бетин чүмкөгөн кооптуу. Ошол үчүн ушул боюнча тапшырма берип, мамлекеттик чара көрүлүшү керек», — деди ал.

Өзбекстанда коомдук жайларда бетти жапкан же бетинен таанууга оор болгон кийимди кийүүгө тыюу салуу каралган мыйзам кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кудайберген Базарбаев  кызматтан  бошотулду

Кудайберген Базарбаев КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.   Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич ээлеген кызмат ордунан […]

Сизге жагышы мүмкүн