Газадан элди күчтөп чыгаруу согуш кылмышы экени эскертилди

Автор

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгы палестиналыктарды Газа тилкесинен ультиматум менен көчүрүп жатканы жана анын курчоосун Израилдин согуштук кылмышы деп эсептейт.
«Израилдин бир миллиондон ашык палестиналыкты 24 саатка жетпеген убакытта Газанын түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырышы бизди таң калтырды. Биз дүйнө лидерлерин Израилди тез арада бул буйрукту токтотууну жана өткөн аптадан бери аба, деңиз күчтөрүнүн бомбалоосунан жапа чегип жаткан Палестина элине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Газа блокадасын алып салууга чакырабыз»,-деди башкармалыктын өкүлү.
Алар коопсуздук кепилдиктери жок карапайым калкты мажбурлап көчүрүү эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу болуп саналарын, бул согуш кылмышына барабар экенин баса белгилешти.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, жардыруулардан 2300дөн ашуун палестиналык набыт болду. Көп кабаттуу үйлөр, ооруканалар, мектептер, электр энергиясы жана суу менен камсыздоочу жайларга сокку урулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Боомдо таш кулатуу иштери башалат

2023-жылдын 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай […]

Сизге жагышы мүмкүн