Путин жана Ирактын премьер-министри Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт

Автор

Ирактын премьер-министри Мохаммед ас-Судани Москвага иш-сапары менен келди.  Премьер-министрдин учагы Внуково-2ге конду. Ирактын өкмөт башчысын Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Михаил Богданов, ошондой эле Россиянын Ирактагы элчиси Эльбрус Кутрашев тосуп алды.
Шейшембиде Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Ирактын премьер-министри Мухаммед ас-Судани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле орус-ирак кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулайт.
Эртеси Путин менен Ирактын премьер-министри Россиянын энергетика жумалыгы форумунун пленардык жыйынына катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун  мүчөлөрү кармалды

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда. «УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, […]

Сизге жагышы мүмкүн