Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Боомдо таш кулатуу иштери башалат

Автор

2023-жылдын 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн