Казакстанда селден улам 12,7 миң адам көчүрүлдү

Автор

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюунун алкагында өлкөнүн 12 облусунда 12 миң 701 адам, анын ичинде 4 миң 728 бала суу каптаган аймактардан эвакуацияланганын билдирди.
Көчүрүү иштери Актөбө, Костанай, Батыш Казакстан, Акмоло, Атырау, Караганда, Түндүк Казакстан, Түркстан, Алматы, Павлодар, Улытау жана Абай облустарында жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 6 миң 461 адам, анын ичинде 2 миң 570 бала бар. 961 адам, анын ичинде 261 бала учак менен эвакуацияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптоо мезгили башталгандан бери куткаруучулар жана облустук бийлик тарабынан 4,2 миллион метр куб суу сордурулганын билдирди.
29-мартта Казакстандын бир катар аймактарында суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан акыркы эки жылда 1553 автобус сатып алды

Кыргызстан акыркы эки жылда 1553 автобус сатып алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына 1000 автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4 млрд 513,8 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. 2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамы менен автобустарды […]

Сизге жагышы мүмкүн