Владимир Путин Достук оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Автор

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Дүйнөлүк достук оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Бул мыйзам эл аралык сынакты даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
Мындан тышкары документ уюштуруучулардын ыйгарым укуктарын, иш-чараны каржылоону, жарнакты таратуунун өзгөчөлүктөрүн жана оюндарды өткөрүүдө соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү жөнгө салат.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк достук оюндары 15-сентябрдан 29-сентябрга чейин Москва жана Екатеринбург шаарларында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский НАТОго катуу талаптарды койду

Украин лидери Түндүк Атлантика альянсына коюлган талаптардын тизмесин түздү. Ал аларды Украина-НАТО саммитинин катышуучулары менен болгон видео чалуу учурунда айтты. Украина лидери альянс Киевге 1 миллион артиллериялык снаряд, жети Патриот зениттик-ракеталык комплекси же ушуга окшош абадан коргонуу системалары, ошондой эле алыскы аралыкка учуучу ракеталар жана артиллерия, заманбап ок атуучу куралдарды […]

Сизге жагышы мүмкүн