Зеленский НАТОго катуу талаптарды койду

Автор

Украин лидери Түндүк Атлантика альянсына коюлган талаптардын тизмесин түздү. Ал аларды Украина-НАТО саммитинин катышуучулары менен болгон видео чалуу учурунда айтты.
Украина лидери альянс Киевге 1 миллион артиллериялык снаряд, жети Патриот зениттик-ракеталык комплекси же ушуга окшош абадан коргонуу системалары, ошондой эле алыскы аралыкка учуучу ракеталар жана артиллерия, заманбап ок атуучу куралдарды бериши керектигин билдирди. Зеленский муну мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.
Ал альянсты чечимдерди кабыл алуудагы жайбаракаттыгы үчүн айыптады. “Биздин өтүнүчүбүздү мүмкүн болушунча тезирээк карап чыгууну суранам”,-деди украин лидери.
Иш-чарага НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы УКМК төрагасы Бишкекте көрүндү

2020-жылдагы октябрь окуяларында кызмат ордун таштап, өлкөдөн качып кетти делген УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев ак түстөгү жол тандабастан түшүп жаткан учурун журналисттер тартып калышкан. Ал учурда Бишкек шаарында жашап жатканы айтылууда. Кечээ башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттеги отчётунда суроолорго жооп берип жатып, Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланган эмес деп билдирди. […]

Сизге жагышы мүмкүн