Роналдиньонун уулу «Барселона» клубунда  дебют жасады

Автор

Бразилиялык мыкты футболчулардын бири Роналдиньонун уулу Жоао Мендеш жолдоштук беттеште  «Барселона» клубунун  жаштар курамасында дебют жасады.  Анын дебюту Жирона шаарында өтүп жаткан Эл аралык Жер Ортолук деңиз кубогунда ишке ашты.

Жоао Мендес буга чейин ПСЖ, Крузейро жана Фламенго академияларында болгон. Ал март айында “Blue Garnet” жаштар командасы менен келишим түзгөн.

43 жаштагы Роналдиньо 2003-2008-жылдары “Барселонада” ойногон. Клубдун курамында ал “Алтын топту” жеңип, ФИФАнын версиясы боюнча эки жолу дүйнөнүн мыкты оюнчусу болгон. Ошондой эле, бразилиялык Испания чемпионатынын алты жана Испаниянын Суперкубогун эки жолу, ошондой эле Чемпиондор Лигасын утуп алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Рамазан айынын урматына «Али Аль Байт» мечитинде аз камсыз болгон 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.   Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышып, ыйык айда жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.   «Рамазан айында кылынган сооп […]

Сизге жагышы мүмкүн