Бүгүн Өзбекстанда  шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Автор

Бүгүн, 8-июль Өзбекстанда  жымжырттык күнү. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө.  Шайлоо алдындагы пропагандага жана агитацияга бүгүн  тыюу салынган.

Президенттик жарышка төрт талапкер ат салышууда. Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынан (ХДП) – Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан – Робахон Махмудова, УзЛиДеП жана “Миллий тикланиш” партиясынан – Өзбекстан Республикасынын азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев .

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо добуш берүү күнү Өзбекстандын аймагында жана 39 чет өлкөдө 11 миңдей шайлоо участкасы ачылат.  Аларга өлкөнүн 20 миллионго жакын жараны добуш бере алат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык спортчулар Азия оюндарына чакырылган жок

Орусиялык спортчулар Кытайда өтө турган  Азия оюндарына чакырылган жок. Бул тууралуу Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин Азия оюндарына Орусия менен Беларустун спортчулары катыша ала турганы айтылган. Азия оюндарына Орусиядан 500гө жакын спортчу бейтарап статуста катыша ала турганы маалымдалган. Бирок Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав […]

Сизге жагышы мүмкүн