Чалгын кызматынын жетекчиси ийгиликсиз иши үчүн кызматынан кетти

Автор

Израил армиясынын чалгындоо кызматынын башчысы 7-октябрда ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулуна алып келген ийгиликсиздиктер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын айтып, кызматынан кетти.
Халива ал жетектеген чалгындоо кызматы тапшырылган ишти аткара албаганын мойнуна алды.
Ал Израилдин тарыхындагы эң кандуу кол салууга байланыштуу кызматтан кеткен биринчи жогорку даражалуу чиновник болуп калды.
7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин жакын жайгашкан конуштарына, аскерий базаларына жана музыка майрамына чабуул жасаган. 1200дөй израилдик жана чет элдиктер курман болгон.
Буга жооп кылып Израил Газада тарыхындагы эң катуу согушту баштап, ХАМАСты жок кылууну жана барымтадагыларды бошотууну максат кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат. Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен […]

Сизге жагышы мүмкүн