Орусиялык спортчулар Азия оюндарына чакырылган жок

Автор

Орусиялык спортчулар Кытайда өтө турган  Азия оюндарына чакырылган жок. Бул тууралуу Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Азия оюндарына Орусия менен Беларустун спортчулары катыша ала турганы айтылган.

Азия оюндарына Орусиядан 500гө жакын спортчу бейтарап статуста катыша ала турганы маалымдалган. Бирок Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков бул маалыматты четке какты.

Буга чейин Азиянын Олимпиадалык кеңешинин (ОСА)  башкы катчысы Хусейн аль-Мусаллам орусиялык жана беларусиялык спортчулар Азия оюндарына бейтарап статуста кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген. Оюндар Кытайдын Хачжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Монголия президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.   Өлкө лидерлери кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекке биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.   Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго чакырууну кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн