Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сергей Полетикин теракттан жабыркагандарды куткаруу жана издөө боюнча бардык иш-чаралар 26-мартта аяктаганын билдирди.
«Бардык куткаруу иштери жана жабыркагандарды издөө иштери аяктады. Урандылардын астында жабыркагандар жок деп айта алам. Кинологдор, куткаруучулар өз ишин аткарышты»,-деди Полетикин Андрей Воробьев Telegram каналында жарыялаган видеодо.
Крокустан 900 куб метрден ашык уранды чыгарылды.