Бүгүн Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары башталат

Автор

Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-10-октябрь күндөрү орун алмакчы.

Дельфи оюндары конкурстук жана фестивалдык багытта болот. Ага ылайык Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катышат.

Алар фортепиано, скрипка, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, үйлөмө аспаптарда ойноо, көркөм өнөр жаатында, улуттук аспаптарда өнөр тартуулап, алдыңкы орунду алгандарга атайын номинациялар ыйгарылат

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнү саат 00:43тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн