Депутат профсоюздар боюнча укук коргоо органдарына кайрылды

Автор

Парламенттин социалдык комитетинин 11- сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов 5 мүнөттүк сөз алып, 2 маселенин тегерегинде сөз козгоду. Анын бири профсоюздар федерациясынын чуулгандуу иши тууралуу. Депутат Жогорку Кеңештин 21-июнунда чыгарган чечиминин аткарылышын Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКдан суранды. “Профсоюздар федерациясы өлкө ичиндеги мафия. Биз булардын кыңыр иштери менен күрөшүп, сатылган жерлер, курорттор, санаторийлер, лагерлер боюнча фактыларды аныктадык. Жеке мага 20дан ашык коркутуулар болду. Тийиштүү органдар президент айтканда гана кыймылдап башташабы”,- деп сурады. “Экинчи маселе, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлери кетишти. Бирок, ошолордун куратору болуп отурган Эдил Байсалов дале отурат. Токтом чыгарып бергенбиз бирок, чечим кабыл алынган жок. Ал кайдан чыккан хан”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК тармактык комитети Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 7-сентябрда бир катар жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу, Алымкадыр […]

Сизге жагышы мүмкүн