Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды

Автор

Бүгүн, 13-декабрдан тарта Кыргызстанда айрым унаа жолдору баардык унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү унаа жолдор бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды:

– Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү;
– Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалан 13-15 км бөлүгү;
– Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк-Ашуусу;
– Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолун тазалап ачып жатышат.

Төмөнкү жолдордо чоң жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди:

– Бишкек-Ош унаа жолунун 82 км бөлүгү (Сосновка посту);
– Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык ашуусу.

Транспорт министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө ишканалары тарабынан унаа жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

“Аба-ырайынын шартына байланштуу, унаа жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө сөзсүз алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрдү алып жүрүүнү сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

ХАМАСтын туннелдерине суу коё бериле баштады

Израил жети насос орнотуп, Газа тилкесиндеги Хамас туннелдерин деңиз суусу менен каптоо процессин баштады. Израилдик аскерлер Газа тилкесиндеги ХАМАС тобунун туннелдеринин тармагына деңиз суусун айдай баштаганын, бул топтун жер астындагы инфраструктурасын жок кылуу аракетинин бир бөлүгү экени билдирилди. Израилдин расмий өкүлдөрү ХАМАСтын жер астындагы системасы анын согуш талаасындагы операцияларында негизги […]

Сизге жагышы мүмкүн