Бүгүн “Акшумкарлар”  Оман курамасы  менен  беттешет

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык “CAFA Nations Cup-2023” турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойнойт.

Бүгүн, 20-июнь күнү Бишкек убактысы боюнча  саат 19:30да  Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн “Кыргызстан — Оман” беттеши өтөт.

Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы күн мурун Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады. Улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 23 оюнчуну чакырды.

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Афганистан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Афганистандын курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Төө-Ашууда жаңы тоннель курулат

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда узундугу 12 чакырымга жеткен жаңы тоннелдин курулушу пландалып  жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев РФ министри Максим Решетников менен Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында талкуулагандыгы айтылды. Эскерте кетсек, азыркы тоннелдин узундугу 2,5 чакырым. Ал Бишкек — Ош унаа жолунда деңиз деңгээлинен 3 […]

Сизге жагышы мүмкүн