Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Автор

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомону алды. Бул Олимпиада оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы биринчи жолдомо.

Медет кызы 76 килограмм салмакта финалга чыкканга чейин төрт атаандашын утту. Алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы 10:0, чейрек финалда канадалык Жастина Динай Де Стасиону 11:0 жана жарым финалда колумбиялык Татиана Рентерианы 4:2 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басты.

Бүгүн, 20-сентябрда жапониялык Юка Кагами менен алтын үчүн беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:30 да башталат.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров "Борбор Азия жана АКШ" биринчи саммитине катышты 

Президент Садыр Жапаров  Нью-Йорк шаарында  “Борбор Азия жана АКШ” мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты. Ага Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Түркмөнстан – Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан – Шавкат Мирзиёев катышты. Саммитти АКШ Президенти Джо Байден ачып, […]

Сизге жагышы мүмкүн