Төө-Ашууда жаңы тоннель курулат

Автор

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда узундугу 12 чакырымга жеткен жаңы тоннелдин курулушу пландалып  жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев РФ министри Максим Решетников менен Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында талкуулагандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, азыркы тоннелдин узундугу 2,5 чакырым. Ал Бишкек — Ош унаа жолунда деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Жаңысы андан 1000 метр төмөн болмокчу.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт. Өзүн-өзү 30 жылда актай алары айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.4 сом  болсо, сатуу  87.8 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 47 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн